Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Иран аскердик дрон өндүрүшүн Орусияга көчүрүшү мүмкүн


Расмий Москва жана Тегеран ирандык өндүрүштөгү учкучсуз аппараттарды Орусияда чыгарууну макулдашты. Бул тууралуу америкалык The Washington Post гезити Кошмо Штаттардын чалгын кызматындагы үч анонимдүү булакка таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишиме ноябрдын башында Тегеранда кол коюлган.

Гезиттин жазганына караганда, анда өндүрүштү жакынкы айларда жолго коюу макулдашылган.

Август айынан бери орус армиясы Украинада Иран өндүргөн дрондорду колдонуп жатат. Бирок эки өлкөнүн жетекчилиги мындай учкучсуз аппараттардын колдонулганын четке кагып келет.

АКШ күзүндө Ирандагы дрон өндүргөн компанияларга каршы санкцияларды киргизген.

Эми дрон өндүрүшүнүн Орусияга көчүрүлүшү Иранга мындай санкциялардан коргонууга жардам берет. Гезит Орусияда кандай дрондор өндүрүлөрүн так жазган эмес.

Буга чейин Украинада ирандык "Шахид-131" жана "Шахид-136" деп аталган "жанкечти" дрондордун колдонулганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG