Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Каракөлдө кичи автобус менен жүк ташуучу машине кагылышып, алты адам каза болду


Бишкек-Ош жолунун Каракөл шаарындагы бөлүгүндө 19-ноябрдагы жол кырсыгынан алты адам каза болду.

Жалал-Абад облустук милициясы билдиргендей, «Форд-Транзит» үлгүсүндөгү кичи автобус жана «Скания» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан.

Анын кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана беш жүргүнчүсү мүрт кеткен. Мындан сырткары ар кандай жаракаттар менен үч жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Учурда кырсык боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.(BkA/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG