Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Вигери Мамдепартаментте ант берди


АКШнын жаңыдан дайындалган Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин Мамлекеттик департаментте ант берүү учуру
АКШнын жаңыдан дайындалган Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин Мамлекеттик департаментте ант берүү учуру

АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте ант берип, кызматка киришти.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасына жарыялады. Вигери буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген.

Ошондой эле АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары болгон, Индияда жана Орусияда дипломатиялык кызматтарда иштеген.

АКШнын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Дональд Лу өткөн жылы мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.

XS
SM
MD
LG