Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

ЖКда мугалимдердин айлыгына байланыштуу маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мугалимдердин маянасы көтөрүлдү дегени менен сентябрь айынан тартып аз айлык алып жатканын билдирди. Депутат буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө бербегенин айтты.

"2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Мага кайрылган мугалимдер мисалы, апрель-май айларында 36-37 миң сомдон ала баштаган экен. Эмгек өргүүсү үчүн дагы жакшы акча чыгыптыр. Бирок сентябрь, октябрь айларында ошол 36 миң сомдон алган мугалимдерге 24 миң сом айлык чыгыптыр. Эч ким аларга маалымат, түшүндүрмө бербептир. Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берип койсо жакшы болмок",-деди Бекешов.

Депутаттын суроосуна билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жооп берип, бул жагдай мугалимдердин сааты кайра эсептелип чыкканы менен байланыштырды.

"Биз апрель айында маяналарды көтөргөндө такыр башка система болчу. Анда жумасына 20 саат деп алынган. Бирок тилекке каршы, айлык аз болгондуктан мугалим болуп иштегиси келгендер аз болчу. Ошондуктан айрым мугалимдер жумасына 39-40 саатка чейин сабак өтчү. Албетте, бул сабактын сапатына да таасир этчү. Азыр болсо эң жогорку чек деп 27 саатты - 1,5 ставканы гана белгиледик. Бул деле өтө кыйын. Анткени мугалим даярданышы керек. Мугалим мурда 27 саат үчүн канча сом айлык алган болсо азыр канча маяна алып жатканын салыштырсак болот".

Мугалимдердин айлык акысы президенттин быйыл 28-марттагы жарлыгы менен көтөрүлгөн. Ага ылайык, бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйгөн.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына жумшалган. Соңку маалыматка ылайык, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG