Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Казакстан: Алматыда добуш бергендердин саны 30% жете элек


Алматыдагы добушкана, 20-ноябрь, 2022-жыл.
Алматыдагы добушкана, 20-ноябрь, 2022-жыл.

Казакстанда жекшемби күнү өтүп жаткан кезексиз президенттик шайлоодо кечки саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 67,85 пайызы добуш берди. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добушканалар ачылган алгачкы 10 сааттын ичинде шайлоочулар тизмесиндеги 12 миллионго чукул адамдын 8,1 миллиондон ашыгына бюллетень берилди.

Түркистан облусунда шайлоочулардын 80,25 пайыздан ашыгы добуш берип үлгүрсө, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Бул шаарда шайлоочулардын 27,93 пайызы гана добуш берди.

Казакстанда шайлоо өттү деп эсептелиши үчүн добуш берүүчүлөрдүн санына байланыштуу эч кандай пайыздык босого жок.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00дө Казакстандын аймагындагы 10 миңдей добушкананын көбү жабылды.

Мөөнөтүнөн мурда жарыяланган шайлоодо президент Касым-Жомарт Токаевдин жеңүүчү деп жарыяланары күтүлүүдө. Бул шайлоодо Токаевден тышкары коомчулукка аты анчейин белгисиз беш талапкер ат салышууда.

Алар: Кесипкөй социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан көрсөтүлгөн Каракет Абден, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Нурлан Ауесбаев, «Айыл» партиясынан Жигули Дайрабаев, «Аманат» кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен жана «Казак энелери-салтка жол» коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн Салтанат Турсынбекова.

20-ноябрдагы добуш берүү бир нече шаарда жарандык активисттердин кармалышы менен коштолду. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Алматы шаарынын үч жеринде таза шайлоону талап кылган 30га чукул активистти полиция кармап кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG