Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) тууралуу учкай маалымат берди. Ал Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Кытайдын Долборлоо институту бул документтерди эмдиги жылдын апрель айында толугу менен бүтүрүп берерин маалымдады.

Өткөн айда үч өлкө темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоогого байланыштуу макулдашканы маалым болгон. Парламентте "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Азамат Сакиев биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20% төгөрүн, экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30% берерин, үчүнчү этапта Кытай 30% төлөрүн маалымдаган. Ошондой эле, төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келерин бидлдирген. Азырынча негиздемени иштеп чыгууга канча каражат кетери белгисиз.

Расмий маалыматка ылайык, учурда “Кыргызтемиржолу” ишканасы менен Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Долбоорлоо-изилдөө институтунун ортосундагы келишимдин негизинде Кыргызстанга 160 адис келип, Нарын жана Жалал-Абад облустарында жер-жерлерде изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Алар топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт, кыртыштын үлгүсүн сынайт.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт. Буга чейин ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG