"Кыргызстан IT гиганттардын аралына айланыш керек"
"Мета" компаниясы кызматкерлеринин 13% же 11 миңин кыскартканын жарыялады. «Твиттер», «Лифт» сыяктуу ири технологиялык компаниялар да жумушчулардын санын кыскартканы маалым болду. IT ишканалардын мындай кадамга барышына эмне себеп? Кыргызстандык IT адистерге бул канчалык таасирин тийгизет?