Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Украина: оорукананы аткылоодон үч кишинин, анын ичинде ымыркайдын өмүрү кыйылды


Орус армиясынан бошотулган Купянск шаарынан тартылган сүрөт.
Орус армиясынан бошотулган Купянск шаарынан тартылган сүрөт.

Украинадагы үзгүлтүксүз аткылоонун натыйжасында үч адамдын, анын ичинде жаңы төрөлгөн наристенин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу украин президентинин аппаратынан 23-ноябрда кабарлашты.

Расмий маалыматка ылайык, түндө орус армиясы Запорожье облусунун Вольнянск шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнө С-300 ракетасы менен сокку урган. Чарчап калган ымыркайдын төрөлгөнүнө эки күн болгон, анын апасы аман калган.

Дагы эки дарыгер соккудан жабыркады, биринин абалы оор. Урандыларды тазалоо уланууда.

Президенттин кеңсеси орус аскерлери Харьков облусунун Купянск шаарын да аткылаганын билдирди. Ракеталар турак жай менен поликлиникага тийип, бир мектеп да жарым-жартылай талкаланган. Жолдо бараткан эки адам каза болгон.

Украин армиясы Купянскини орус аскерлеринен 2022-жылдын сентябрында бошоткон.

Орусия азырынча бул чабуулдарга комментарий бере элек.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. БУУнун маалыматына караганда, ноябрдын ортосуна чейин 6557 жайкын тургун, анын ичинде 408 бала каза болгон. Бул сандар толук эмес болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG