Вашингтон түз бюджеттик колдоонун алкагында Украинага 4,5 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Жанет Йеллен билдирди.
Анын айтымында, каражат жакынкы апталарда бөлүнө баштайт жана ал украин өкмөтүнө экономикалык туруктуулукту бекемдөө, негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо жолу менен Орусиядан коргонууга жардам берет.
"Бул каражат Путиндин негизсиз кол салуусуна каршылык көрсөтүүнүн маанилүү куралы болуп эсептелет", – деп жазылган АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.
Транш грант катары которуларын белгилеген Йеллен башка донорлорду да Украинага жардамды көбөйтүүгө жана тездетүүгө чакырды.
АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Киевге 20 миллиарддан ашык долларга аскердик жардам, экономиканы калыбына келтирүүгө 13 миллиард жана гуманитардык иштерге болжол менен 10 миллиард доллар бөлгөн. Мындан тышкары Байден Конгресстен Украинаны кошумча каржылоого дагы 37,7 миллиард доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн.