Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Министрлер кабинети гендердик зомбулукка каршы өнөктүктү колдорун билдирди


Министрлери кабинети.
Министрлери кабинети.

Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып “Коркпо! Токтот! Жаша!” деген ураан менен гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында бийлик бул өнөктүктү колдой турганын билдирди.

“Эгерде өлкө калкынын жарымынын потенциалы пайдаланылбай, ал эми аялдардын укугу бузулуп жатса, дүйнөдөгү бир дагы мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Учурда мамлекет тарабынан аялдарды коргоо боюнча комплекстүү ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча тыкыр иштер жүргүзүлүүдө”, - деди Байсалов.

25-ноябрда – аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет. 16 күндүк кампаниянын максаты - аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% "кылмыштын курамы жок" деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп, алардын 84% сотко жеткен эмес. Жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG