Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады


ЖККУнун жыйыны.
ЖККУнун жыйыны.

Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Ооган факторун эске алуу менен ички чек араларда коопсуздукту камсыздоо үчүн бирдиктүү аракет зарыл” деп белгиледи.

Жапаров терроризм уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирип жатканын айтып, коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерге даяр экенин билдирди.

Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити өтүп жатат. Казакстандык белгилүү саясатчы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун баш катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал 2023-жылдан баштап үч жыл бою бул кызматты аркалайт. Акыркы үч жылда баш катчы болуп беларустук мамлекеттик ишмер Станислав Зась иштеди.

Армения, Казакстан, Орусия, Беларус, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон уюмдун катчылыгы жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү, кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG