Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Курултай: Жолдошева президенттик-парламенттик башкарууну сунуштады

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө толук президенттик башкаруудан баш тартып, президенттик-парламентик системага өтүүнү сунуш кылды.

“Бизде президенттик башкаруу болбойт. Анткени ким бийликке жетпесин ажыдарга айланат экен. Ошол себептүү президенттик-парламенттик башкарууга кайтуу керек. Анткени, Садыр Нургожоевич сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат?”, - деди Жолдошева.

Экс-депутат коррупция менен күрөшүүнү президенттин айланасынан баштоо керек экенин билдирди. 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтүп жатат. Ага миңден ашуун киши катышууда.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-президенттик башкаруу формасынан президенттик башкарууга кайткан. Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде өлкөдөгү ар бир тармак үчүн жоопкерчилик аларын жана ири өзгөрүүлөр болорун жарыялаган. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG