Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалган эки киши абакта оозун тигип алды


Казакстандагы тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Январь окуяларына байланыштуу кармалып, Чыгыш Казакстан облусунда камакта жаткан айыпталуучулар – Ринат Алиев менен Чыңгыз Альпиев тергөө иштерине нааразы болуп, ачкачылык жарыялашты жана оозун тигип алышты. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочу Бахытжан Торегожин социалдык түйүндөгү баракчасында кабарлап, шектүүлөрдүн каттарын жарыялады.

Айыпталуучулар өзүнүн камакта жатканын мыйзамсыз деп атап, тергөө органдарынын аларга карата зомбулук аракеттерин токтотууну талап кылууда. Алар Январь окуяларындагы тополоңдорго тиешеси жок экенин билдирип, күч кызматкерлери мурдатан өчөшүп жүргөндүктөн башаламандыкты шылтоолоп камап салышканын белгилешкен.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери быйыл 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган. Алардын көпчүлүгү кийин кайра бошотулган.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү тууралуу буйрукка 2-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, мунапыска 4-7-январь күндөрдөгү "тартип бузууларга тиешеси бар" деген кине менен камалган 1,5 миңдей киши бошотулары айтылган.

Мындан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болгон. "Террорчулук, экстремизм", "коррупция", "мамлекетке чыккынчылык", "кыйноо жана жапырт башаламандык уюштуруу" беренелери менен камалгандар мунапыска илинбейт.

Прокуратура кийинчерээк мунапыс алгандардын айрымдары эркиндикке чыкканын билдирген. Жалпы канча киши мунапыска илингени так эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG