Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Баткен үчүн IT сунуштар сынагы жарыяланды


Баткен. Архивдик сүрөт.
Баткен. Архивдик сүрөт.

Программисттер арасында Баткен элине колдоо көрсөтүү максатында сынак жарыяланганын Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 5-декабрда билдирди. Баткендиктердин жашоосун жеңилдете ала турган эң мыкты IT сунушту ишке ашырууга 1 миллион сом бөлүнүп берилет.

Социалдык долбоор алкагында, мисалы, элди ыкчам маалымдоо системасы сыяктуу жаңы программалар же процессти автоматташтыруу ыкмалары каралып, эң мыктысы тандалып алынат. Долбоор техникалык да, экономикалык да жактан ишке ашырыла тургандай болушу шарт экени белгиленди.

Сунуштар 16-декабрга чейин кабыл алынып, жыйынтыгы жыл аягына чейин чыгарылат.

Баткен облусу Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Коңшулар менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан аймакта суу, жер талаштын айынан түрдүү чыр-чатактар, анын ичинде адам өмүрүн алган окуялар катталып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG