Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Блинкен: Путин сүйлөшүү жүргүзүүгө кызыкдар болбой жатат


Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт.
Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт.

Кошмо Штаттар Орусия Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө кызыкдар экендигинин белгилерин көрө албай жатканын 4-декабрда АКШнын мамлекетти катчысы Энтони Блинкен билдирди.

"Дипломатиянын баалуулугу эгерде тараптар, тагыраак айтканда, азыркы учурда, Орусия чынында эле сүйлөшүүлөргө кызыкдар болгон учурда гана өз маанисине жете алат. Бирок азыр биз көрүп жаткан жагдай тескерисинче болууда", — деди Блинкен CBS телерадиокомпаниясына курган маегинде.

Ал орус президенти Владимир Путин согуш талаасында жолу болбой калгандан кийин тактикасын өзгөрткөнүн белгилеп, ачуусун Украинанын жай тургундарынан чыгарып, өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын талкалап, жарыктан, жылуулуктан ажыратып жатканын кошумчалады.

"Путин мазмундуу дипломатияга чынында эле кызыкдар экенин көрсөтө алмайынча бир нерсе өзгөрөрүнө ишенүү кыйын", — деди Блинкен.

Украинага быйыл 24-февралда кол салып, соңку айларда утулушта калып жаткан Орусия инфраструктураны талкалаган чабуулдарын улантууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG