Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Оштун тергөө абагында отурган шектүүлөрдүн табышмактуу өлүмү


Кыргызстандагы жабык жайлардын биринен тартылган сүрөт. 2022-жыл.
Кыргызстандагы жабык жайлардын биринен тартылган сүрөт. 2022-жыл.

Оштогу тергөө абагында 14 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган эки киши каза болду. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын кыйган деген маалымат таратты. Каза тапкан шектүү жарандар Кадамжайдан Оштогу тергөө абагына 1-декабрда которулган. Башкы прокуратура окуянын чоо-жайын иликтей баштады.

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы Айдайдын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапкан.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 24 жана 25 жаштагы эки шектүү асынып алганын билдирди. Бул чуулгандуу ишке шек саналган үч киши Ошто, дагы бир жашы жете элек бала Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагына камалган.

Окуяга байланыштуу Башкы прокуратура тергөө иштерин баштаганын жарыялады. Мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов "Азаттыкка" билдиргендей, шектүүлөр түнкү саат 2ге жакын дааратканада шейшепке асынып алган.

“Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери боюнча материалдар катталып, текшерүү иштери башталды. Биринчи кароо жүргүзүлүп, каза болгондордун денесинен эч кандай залал аныкталган жок. Денелери таза. Соттук-медициналык экспертиза да жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыгарылат”, - деди Камолиддинов.

Быйыл сентябрдын башында өспүрүм кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналып кармалган төрт айыпталуучунун үчөө Кадамжай райондук сотунун чечими менен 1-декабрда Оштогу №5 тергөө абагына которулган. Төртүнчүсү Жалал-Абаддагы жашы жете электер кармалган абакка өткөрүлгөн. Жакынкы күндөрү алардын сот иши башталмак.

Суицидге барды делген шектүүлөрдүн бири Халмион айылынын тургуну Машрап Шадыбековдун агасы Темир иниси тергөө абагында кыйноого кабылган болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Ошко которулганына эки эле күн болгон, ага чейин Кадамжайда кармалып турган эле. Буга чейин эки жолу сот отуруму жабык өткөн. Эгер өлгүсү келсе, Кадамжайдан эле өзүнө-өзү кол салмак да. Окуя болордун алдында түрмөдө отурган башка адамдар менен да түнкү саат 12де сүйлөшкөн деп уктук, андан кийин эле барып шейшепке асынып алганы биз үчүн табышмак. Иним айылда түз жүргөн, дыйканчылык менен алектенген бала, анын экспертизасы таза чыккан. Биздин божомолубузда бала кыйноого кабылган, аны кыйнап өлтүрүшкөн же ошого жеткизишкен. Бизге маалымдабай туруп өлүкканадан союп салышыптыр. Бул иштин дыкат иликтенишин талап кылабыз".

Агасынын айтымында, буга чейин иниси камактан апасына жазган катында адвокатты алмаштыруусун өтүнгөн экен. Бир ай мурда шектүүлөрдүн бири, 27 жаштагы Денис Гапыровдун эжеси Гүлбарчын Имаралиева социалдык тармактардан бийликке кайрылып, иниси бейкүнөө камалып кеткенин, анын айыпсыз экени тууралуу далилдерди милиция карабай жатканын айтып чыккан.


"Ал окуяда төрт эмес, беш киши болгон, инимдин бир гана кемчилиги - ал өз машинесин шектүүлөр сураганда берип койгон. Окуя болгон 4-сентябрь күнү иним дос баласыныкында ашарда болгон, ал башка достору менен да телефон аркылуу видео байланышка чыгып сүйлөшкөн, ал далилдердин баары бар. Бирок милиция "силер видеону гуглдан жасап алгансыңар, жалган далилдер үчүн протокол түзүлөт" деп жатат. Бир тууганыбыздын ишин туура тергеп, калыс чечим чыгышына жардам бериңиздер",- деп кайрылган ал.

Кыргызстандын тергөө абактарында табышмактуу жагдайда жарыкчылык менен кош айтышкан фактылар буга чейин да болгон. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун маалыматына караганда, акыркы эки жылда жабык жайларда 151 адам каза тапкан, 19 киши өз жанын кыйган.

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

"Жогорудагы иш биздин көзөмөлдө, кызматкерибиз Ошто иштеп атат. Милициянын убактылуу кармоочу жайы болобу, тергөө абактары болобу же аскер бөлүгү, түзөтүүчү мекеме болобу, мамлекеттик мекеме. Демек, мамлекеттин жоопкерчилиги каралып, ал жерде иштеген ар бир адистин иши да каралышы зарыл. Мындай жерлерде каза болгондордун көбү "өзүнө- өзү кол салган" деп айтылып келет. Көбүнүн иши боюнча жооптуу адамдарга эскертүү гана берилип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу деген жаза дээрлик катталбайт. Ар бир өлүм дыкат иликтенсе, аны иликтеген тарап элдин арасында күмөн туудурбашы абзел. Кыйноо фактыларын иликтөө учурунда Башкы прокуратурада өзүнчө бөлүм иштеп келген, бирок 2016-жылдары ал бөлүм жоюлуп калган. Азыр мындай иштерди Башкы прокуратура жана УКМК аткарат. Кыйноо, ырайымсыз мамиле сыяктуу иштерди бир гана органдын бөлүмү тергеп, толугу менен колго алса, жыйынтыктар жакшы болмок", - деди Бакыт Рысбеков.

Оштогу №5 тергөө абагында быйыл августта эле уурулукка шектелип камакта отурган 33 жаштагы Мурасбек Запаров каза болгон. Укук коргоо органдары ал жүрөгү кармап көз жумганын айткан, бирок маркумдун жакындары бул жүйөгө ишенбей, анын өлүмүнө кыйноо себеп болгонун айтып келишет.

Укук коргоо органдар адатта абакта отургандар суицидге барып, өзү жанын өзү кыярын жүйө келтирет. Укук коргоочу уюмдар болсо көп учурда муну кыйноо менен байланыштырат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө абагындагы өлүм мамлекеттик тиешелүү системанын иштебей жатканын айгинелей турганын айтты.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Каза болгон учурда бул балдар мамлекеттин карамагында болчу, демек, кандай болгон күндө дагы алар жообун сотто бериши керек эле. Мамлекет соттун өкүмү чыкканга чейин жана андан кийин да шектүүлөрдүн ден соолугуна, коопсуздугуна кепил болуп бериши керек. Бул окуя өтө коркунучтуу жагдай, себеби мамлекетке артылган жүк же жоопкерчиликти ал актай албай калганда, мыйзамдардын аткарылышына ишенбей калганда, коом өзү жазалоого барып атат. Бизде айыл эли чогулуп барып, үйүнөн көчүрүп жиберген учурлар да көп катталат. Укук коргоо органдары, сот системасы адилеттүү иштегенде, мамлекет өз жоопкерчилигин күчөткөндө мындай учурларга жол берилбейт болчу".

Ал эми милициянын ардагери Жолболду Ибраев жабык жайларда отурган киши психологиялык жагдайынан улам акыркы чарага барышы мүмкүн деген ойдо.

"Түрмөдө же болбосо убактылуу кармоочу жайда отуруунун өзү психологиялык жактан өтө оор кабыл алынат. Адам кылмышты кылгандан кийин, тергөө башталгандан кийин гана эмне кылганын аңдап, ар бир кадамын анализдей баштайт. Албетте, эркиндиги чектелгенден кийин колу менен кылганы үчүн жооп берүүгө аргасыз. Ошондуктан ал өзүнө-өзү каршы туруп, нааразы болгон учурда суицидге барышы ыктымал. Андан сырткары, туугандары, жоро-жолдошторунун, коомдун сын-пикиринен коркот. Бир эле жабык жайларда аларга кысым болду деп айтуу кыйын".

Он гүлүнүн бири ачыла элек көчөт кыздын сөөгү буту-колу байланган абалда 5-сентябрда Кадамжайдын Халмион айылындагы арыктан табылган. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жалгыз кызынан айрылган ата-энеси күнөөлүүлөрдү катаал жазага тартууну талап кылышкан:

"Мектепте жакшы окуйт эле. Көчөгө жөнү жок чыга бербейт эле. Эч кемчилиги жок, бардык муктаждыктарын камсыз кылып турчубуз. Жоош кыз болчу. Зөөкүрлөрдү катуу жазаласын", - деген атасы Асан.

Энеси Жумагүл "Кызымды өлтүрбөй эле тирүү калтырып коюшса болот эле го" деп сыздаган.

Эгерде шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, алар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ушундай эле кайгылуу окуя ноябрда Жалал-Абад облусунда орун алып, 19 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү жол жээгинен табылган. Шектүү катары камалган 58 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганын Кыйноолорду алдын алуу борбору билдирип чыккан. Бейажал киши колдуу болгон кыздын жакындары адилет чечим чыгышын, күнөөлүү адам кылганын моюну менен тартышын талап кылып акцияга чыгышкан.

Ички иштер министрлиги жана башка тиешелүү органдар жогорудагы окуяларга шектүүлөрдүн кыйноого кабылганы тууралуу айтылгандарга комментарий бере элек.

Ноябрда кадамжайлык 14 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 4-январына чейин узартылган. Сот отуруму эки жолу жабык өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG