Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Клубда ок атылган окуя териштириле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте түнкү клубда ок атылган окуянын чоо-жайы териштириле баштаганын 5-декабрда шаардын ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга 4-декабрда кайрылган адам клубда бирөөлөр менен уруша кетип, алар ок чыгарганын айтып берген.

Promzone түнкү клубунда болгон окуя Октябрь райондук милициясында Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен каттоого алынып, шектүү эки киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстанда курал алып жүрүү укугу атайын текшерүүдөн жана каттоодон өткөндөргө гана берилет. Алардын иш-аракети “Курал жөнүндө” мыйзамдын алкагында жөнгө салынат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG