Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

АКШдан Польшага жана Грекияга аскердик техника жөнөтүлдү


Америкалык аскердик техника Польшанын портуна келди.
Америкалык аскердик техника Польшанын портуна келди.

Акыркы бир айда АКШдан Польшага жана Грекияга 2400гө жакын аскер жана техника жөнөтүлдү. АКШнын армиясы маалымдагандай, бул - "Атлантика келишиминин" бир бөлүгү. Жарыяланган баяндамага ылайык, "АКШ аскердик даярдыкты жогорулатуу, кызматташтыкты чыңдоо жагынан НАТОго берилгендигин көрсөтүүдө".

Америкалык полковник Браян Харристин сөзүнө ылайык, алар кетерден мурун бир канча ай даярдыктан өтүштү.

Февраль айында Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТО Балтикага кошумча аскерлерин, кемелерин жана учактарын жөнөтүп, чөлкөмгө НАТОнун түздөн-түз командачылыгы астында 40 миңге жакын жоокерин жайгаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG