Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Коюу тумандан улам Бишкек-Ош каттамдары кармалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 5-декабрда "Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдардын убактысы жылды.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, туруксуз аба ырайына байланыштуу эл аралык жана ички каттамдагы учактар коно албай жатат. Андан тышкары Оштон уча турган каттамдардын убактысы да өзгөрүүдө.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "Ош" аэропортунда калың туман түшкөнүнө байланыштуу учактар учпай жатканын жазышты.

"Тез Жет" компаниясынын учактары тумандан улам 3-4-декабрь күндөрү Бишкектен Жалал-Абадга учкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG