Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Масадыков Евробиримдиктин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолукту


Президенттин аппараты тараткан сүрөт.
Президенттин аппараты тараткан сүрөт.

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана шаркеттин Кыргызстандагы өкүлүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар Ооганстандагы кырдаал, ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү, аймактагы коопсуздукту сактоо боюнча кызматташтыкты талкуулашты.

Масадыков 6-ноябрда Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолуккан. Ал былтыр Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Быйыл июлда Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык жыйындын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен кездешкен.

Былтыр Кабулда бийликти басып алган талибдердин өкмөтүн азырынча бир да мамлекет расмий тааный элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG