Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Тажикстанда коронавируска каршы чаралар күчөтүлдү


Тажикстандын бийлиги коронавирустун жаңы толкунунун алдын алууга киришти. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин сунушу менен аэропорттордо жана мамлекеттик чек ара өткөрмө бекеттеринде текшерүү күчөтүлдү.

Министрлик бул чараларды коңшу өлкөлөрдө COVID-19 вирусу күчөй баштаганы менен түшүндүрүүдө.

Мындан ары аэропорт жана чек арадан өткөн бардык жарандардын дене табы текшерилип, эгер кишинин температурасы жогору болсо, ал жашаган жери боюнча бейтапканага жөнөтүлөт.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өткөн айдын соңунда тиешелүү министрлик менен мекемелерге коронавирус инфекциясынын жаңы толкунуна жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Расмий маалымат боюнча пандемияда Тажикстанда 17 миң 388 киши ковид менен ооруган, анын ичинен 17 миң 264 киши айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 124 адам өлгөнүн билдирген. Бирок жоготуулар саны расмий статистикадан көп болушу мүмкүн деген пикирлер айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG