Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Ташкентте автоунааларга газ толтурган станциялар убактылуу жабылды


Автоунааларга газ толтуруучу станция.
Автоунааларга газ толтуруучу станция.

Өзбекстандын борбору - Ташкент шаарынын мэриясы автогаз станциялары убактылуу жабылганын 4-декабрда кабарлады.

Буга газ басымынын төмөндөшү, ресурстардын жетишсиздиги түрткү болгон. "УзТрансгаз" ишканасы турак-жайларга көгүлтүр от менен жеткиликтүү камсызоо үчүн ушундай чектөө киргизген.

Буга чейин автогаз станциялары жабылары тууралуу социалдык тармак колдонуучулары жазышкан. Бирок "Худудгазтаъминот" (Аймакгазтейлөө) ишканасы аны төгүндөп, "жалган маалыматтарга" ишенбөөгө чакырган.

Ал арада Энергетика министрлиги сууктан улам Фергана өрөөнүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди.

2016-жылы президенттик шайлоонун алдында Шавкат Мирзиёев калктын жарык жана газ маселесин чечүүгө убада берген. Бирок өзгөчө күз-кыш бул көйгөй негизги маселе бойдон калып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG