Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

ЕАЭБдин Бишкектеги жыйынында экономикалык абал талкууланат


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана уюмдун туулары.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана уюмдун туулары.

Бишкек шаарында 9-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынындө талкуулануучу маселер боюнча президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев маалымат берди.

“Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат”, - деп айтылат Азымбакиевдин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, жыйында биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлат.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG