Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

ЖК комитети мектепте 12 жылдык окутуу боюнча долбоорду четке какты


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мектептеги билим берүүнү реформалоо боюнча долбоор талкууланып, четке кагылды. Комитеттин көпчүлүк депуттары долбоордогу мектептерди 12 жылдык окутуу системасына каршы болушту.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов 12 жылдык окутуу системасы замандын талабы экенин, бул долбоордо өлкөдөгү мектепке чейинки даярдык болгон нөлүнчү классты гана мыйзамдаштыруу деп түшүндүрүүгө аракет кылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу долбоору четке кагылды.

Кыргызстанда мектептерди 12 жылдыкка өткөрүү тууралуу алгач быйыл апрелде айтылган. Министрлик балдар мектепке алты жаштан бара баштай турганын, ошондо система эл аралык стандартка шайкеш келтирилерин билдирген.

Бул сунуш коомчулукта түрдүү реакция жараткан. Көпчүлүк ата-энелер каршылыгын билдирип, мамлекет алгач мектептердин азыркы абалын жакшыртып, билим берүүнүн сапатын жогорулатып алып, андан кийин гана 12 жылдык тууралуу сөз кылса оң болорун айтышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG