Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Депутат эгилген пахта сатылбай, баасы түшүп кеткенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын түштүк аймагында пахта эккен дыйкандардын эмгеги акталбай жатканын бүгүн 5-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов айтты:

"Биздин дыйкандар жер семирткичтерди абдан кымбат баада алышкан. Азыр пахта эккендер сата албай жатат. Баасы 70 сомго түшүп кетти. Экспортко чыкпай жатат. Кайра иштеткен заводдордо пахта ошо бойдон турат. Он проценти сатылып, калганы дыйкандардын үйүндө, заводдордо турат".

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев пахтанын баасына өкмөт кийлигише албай турганын, жакынкы арада завод ачуу планы талкууланып жатканын билдирди:

"Пахта биржалык товар. Биржада кандай сатылса… Мамлекет эч кандай таасир эте албайбыз. Пахтаны былтыр 100 сомдон алып жаткан. Ошондуктан азыр пахта деп өзүнчө кластер түзүп жатабыз. Түштүк аймакка пахтаны кайра иштетүүчү жок дегенде бир завод ачканга 50% каражатты Ош жана Жалал-Абад облустарындагы пахта заводдору чыгарса, калган 50% өкмөт түз инвестиция кылалы деп сүйлөшүү жүрүүдө".

Депутаттар кайра иштетүү заводдор бар экенин, кездеме токуучу ишканалар зарыл болуп жатканын айтышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG