Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары 10-декабрда башталат


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары 10-декабрда башталарын билдирди.

“Эки өлкөнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат”, - деди Азымбакиев.

Эки тараптуу документтерге дагы кол коюшу мүмкүн экенин айтылды. Кыргыз-өзбек бизнес-форуму да өткөрүү пландалып жатат.

Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга 29-ноябрда кол койгон.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев эки мыйзамга кол койгонун 30-ноябрда билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG