Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Бекешев "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинин жоюлушу тууралуу маселе көтөрдү


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Дастан Бекешев "Улуу көчмөндөр мурасы” мамлекеттик ишканасынын жоюлуп жатканына жана аны түзүүгө миллиондогон сом кетип, долбоорлор жазылганы тууралуу маселе көтөрдү.

Депутат ишкана түзүп, кайра жоюудагы чыгымдар үчүн эч ким жоопкерчилик албай жатат деп сындады. Ага каржы министри Алмаз Бакетаев мындай жооп кайтарды.

“Жалпылап айтканда "Улуу көчмөндөр мурасын” 2022-жылы 3,4 млрд. сомго каржыланган. Азыр бул сумманын 100% кайтарылат. 700 млн. сом өз милдеттенмелерин жабуу үчүн калат. Салык кызматына 600 млн. сом - холдинг кен байлыктарды чалгындоо жана иштеп чыгүү үчүн лицензия алган. Бул сумма кайра кайтарылат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин 11,8 млн. сом талабы бар. Жалпы төгүмдөр 670-680 млн. сом болот. Ал эми 20-30 млн. сом кеңсенин ижарасы жана айлык акыга жумшалат”, - деди Алмаз Бакетаев.

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин ишканага бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын айткан.

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу ушул жылы сентябрда камалган жана учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Мындан он күн мурда Бишкектеги Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 10-январга чейин абакта калтырган.

Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Ушул жылдын февраль айында бул холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG