Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Швеция Абдурахмановдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай элек


Тумсо Абдурахманов. Архивдик сүрөт.
Тумсо Абдурахманов. Архивдик сүрөт.

Швециянын полициясы чеченстандык оппозиционер блогер Тумсо Абдурахмановдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай да, четке кага да албайт. “Кавказ.Реалии” редакциясынын суроосуна швед полициясынын расмий жообу ушундай болду.

"Швециянын полиция башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттары Швецияда жашаган адамдын өлтүрүлүшү тууралуу кабарлап жатышканын билет. Биз бул кабарларды тастыктай албайбыз жана кандайдыр бир кошумча комментарий да бере албайбыз", – деди мекеменин басма сөз катчысы Ирен Соколов.

Абдурахмановду Швецияда 1-декабрга караган түнү атып кетишкенин алгач 1ADAT Телеграм каналы жеке булактарына таянып жазган. Маалыматты "Эркин Европа\Азаттык" радиосуна блогердин жакындары тастыкташкан.

Кремлдин саясатын жана Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн 34 жаштагы Абдурахманов өлкөсүнөн 2015-жылы чыгып кеткен.

“Кавказ.Реалиинин” кабарчылары Абдурахмановдун өзү жана анын агасы менен байланышууга аракет кылып жатышканын, бирок майнап чыга электигин, алар дареги Европадагы "Вайфонд" чечен укук коргоо уюмуна да белгисиз экени кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG