Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Орусия Украинага кайрадан жапырт чабуул жасады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

5-декабрда орус армиясы Украинага кезектеги ракеталык чабуул жасады. Аннексияланган Крымды кошпогондо, Украинанын бардык аймагында дүйшөмбү күнү түштөн кийин аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланды.

Бул ирет да энергетикалык объектилер бутага алынды. Украинанын бир катар аймактарында жарык өчүп жатат.

Маалыматтарга караганда, орус армиясы канаттуу ракеталарды колдонду. Тургундар коопсуз жайларга качууда. Киевде эл метродо баш калкалоодо.

Жардыруулар Запорожье, Одесса, Кривой-Рог, Черкассы, Винница, Житомир, Николаев, Хмельницкий, Тернополь, Львов облустарында катталды.

Запорожье облусунун Новософиевка айылында бир нече турак жай кыйрап, кеминде эки адам мерт болгону айтылууда.

Бийлик Одессадагы эки инфраструктуралык объектинин талкаланганын тастыктады.

Молдованын Ички иштер министрлиги өлкөнүн түндүгүндө Бричени конушунун жанында ыктымалдуу ракетанын сыныгы жатканын билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Буга чейинки ири ракеталык чабуул Украинага 23-ноябрда жасалган. Инфраструктуралык объектилердин бузулушунан улам өлкөдө убактылуу жарык өчүрүлгөн. Андан кийин электр энергиясы калыбына келтирилген, бирок элге жарык үзгүлтүк менен берилип жатат.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында басып кирген. Кремль аны "атайын операция" деп атаган. Жаңы чабуулдар тууралуу азырынча Москва комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG