Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Москва стратегиялык аэродромдорго кол салуу болгонун тастыктады


Энгельсдеги Ту-95MС учактары.
Энгельсдеги Ту-95MС учактары.

Орусиянын Коргоо министрлиги 5-декабрда реактивдүү кыймылдаткычы бар эки учкучсуз аппарат Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдорго кол салганын ырастады.

Чабуулдан үч орус аскери каза таап, төртөө жараат алган жана Ту-95 бомбалоочу учагы зыян тарткан. Министрлик учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

5-декабрда Саратов облусундагы Энгельс жана Рязань облусундагы Дягилев стратегиялык аэродромдорунда жардыруу болгону кабарланган.

Украинанын фронт сызыгынан 500 чакырым алыстагы Дягилев аэродромунда бомбалоочу Ил-76, Ту-22МС учактары жана учкучтарды даярдаган борбор жайгашкан.

Базанын жанында ТУ-22М бомбалоочу учактарын, Ту-95МС ракета ташуучу жана Ил-76 аскердик жүк ташуучу учактарын оңдоочу завод бар.

Украина менен фронттун линиясынан 700 километр алыстыкта жайгашкан Энгельс аэродромунда ТУ-160 жана Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу учактар бар. Украинаны бомбалаган учактар ушул аэродромдон учуп келишет.

Украин өкмөтү бул окуя тууралуу расмий жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG