Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

Латвияда "Дождь" телеканалынын лицензиясы жокко чыгарылды


Латвиянын Электрондук ЖМК боюнча улуттук кеңеши “Дождь” телеканалынын лицензиясын жокко чыгарды. Мындай чечим улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучка байланыштуу кабыл алынганын кеңештин төрагасы Иварс Аболиньш билдирди. Ал Латвияда мыйзамдар сыйланышы керектигин белгиледи.

Өткөн жумада аннексияланган Крым Орусиянын бир бөлүгү катары сүрөттөлгөн картаны көрсөткөнү жана орус армиясына карата “биздики” деген сөздү колдонгону үчүн аталган кеңеш “Дождь” каналына 10 миң евро айып салган.

Анда Аболиньш бул телеканал эки жолу мыйзам бузганын айтып, үчүнчүсүндө лицензиясынан ажыратылышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

1-декабрда алып баруучу Алексей Коростелёвдин түз эфирдеги сөзүнөн кийин Латвиянын мамлекеттик коопсуздук кызматы "телеканал орус армиясына жардам көрсөтүп жатат" деген шек менен иликтөө баштаган.

Коростелёв эфир маалында көрөрмандардан Украинадагы согушка мобилизация кылуу учурундагы мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлоону суранып, фронттогу аскерлерге жардам берүү өңүтүндө сүйлөгөн.

Эртеси күнү телеканал бул үчүн кечирип сурап, алып баруучунун сөздөрү эфирден алып салынганын, Коростелёв менен кызматташуу токтотулганын билдирген. Журналист өзү түз эфирде жаңылганын "каналга көйгөй жаратпоо үчун иштен кетүүгө даяр" экенин айткан. Коростелёвду колдогон үч кесиптеши ар ким ката кетириши мүмкүндүгүн белгилеп, иштен кетишти.

  • Алып баруучу Анна Монгайттын айтымында, "Дождь" кабелдик түйүндөрдүн бир бөлүгүндө өчөт, бирок Ютубда чыгып жатат.
  • Телеканал 2008-жылы Москвада түптөлгөн. 2014-жылы Ленинград блокадасына байланышкан сурамжылоодон кийин көпчүлүк спутник жана кабелдик операторлор каналды тизмеден алып салышкан. 2021-жылы "Дождь" телеканалы "чет элдик агенттердин" тизмесине кошулган.
  • 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй, орус бийликтери каналды бөгөттөгөн. Июнь айында телеканал Латвияда лицензия алган.
  • Согуштан кийин Орусиядан эки жүздөн ашуун журналист Латвияга көчкөн. Буга өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы тынчсыздануу билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG