Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Курск облусундагы аэродромдун аймагына сокку урулду


Курск аэродромундагы мунай сактоочу резервуар күйүп жатат.
Курск аэродромундагы мунай сактоочу резервуар күйүп жатат.

Орусиянын Курск облусундагы аэродромго учкучсуз аппараттан сокку урулуп, мунай сактоочу резервуар күйүп кетти. Жабыркагандар жок экенин губернатор Роман Старовойт билдирди.

Бул Орусияда акыркы эки күндөгү үчүнчү кол салуу болду. 5-декабрда реактивдүү кыймылдаткычы бар эки учкучсуз аппарат Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдорго чабуул койгон. Андан үч орус аскери каза таап, төртөө жараат алган, учактар зыян тарткан.

Орус тарап муну Украинадан көргөн. Киев расмий комментарий бере элек.

Украинаны Сумы облусу менен чектешкен Курск калаасындагы аэродром аскердик жана жарандык учактарды тейлөөгө ылайыкталган. Орусия Украинага басып киргенден бери анда жарандык учактар учуп-конбой калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG