Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Актер Чыңгыз Мамаевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү


Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Актер Чыңгыз Мамаевге каршы козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн бүгүн, 6-декабрда "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган.

Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.

Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын актердун жубайы билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG