Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Экибастуз: ЖЭБ кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө


Экибастуз. 2022-жылдын 28-ноябры.
Экибастуз. 2022-жылдын 28-ноябры.

Казакстандын дээрлик бир жума бою жылуулуксуз калган Экибастуз шаарынын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) участок башчысы Сергей Видлогдун өлүмүнүн чоо-жайын полиция текшерип жатканын 6-декабрда “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

33 жаштагы маркумдун сөөгү 4-декабрда гаражда машинесинин ичинен табылганы, ал киши колдуу болбогону, кылмыш иши “Өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин жеткирүү” деген берененин негизинде козголгону маалымдалды.

5-декабрда Экибастузда дагы бир кишинин өлүмү катталган. Сөөгү өз батиринде табылган пенсионер кан басымынан жабыркап келгени белгилүү болгон.

27-ноябрда ЖЭБдеги авариянын айынан 30 градус суукта жылуулуксуз калган шаарда жылуулук системасын калыбына келтирүү иштери аяктай элек. 150 миң калкы бар калаада өзгөчө кырдаал жарыяланган. Павлодар облусунун акими Абылкаир Скаков иштен алынган.

Бийлик аварияга ЖЭБдин жумушчулары кетирген ката себеп болгонун айтып жатат.

Кыргызстанда жарандык активисттердин демилгеси менен бир нече күндөн бери экибастуздуктарга каржылык жардам жөнөтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG