Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Курултай: резолюцияда сөз эркиндиги жана камактагылар жөнүндө сунуш берилди  


Курултай Бишкекте 25-26-ноябрь күндөрү өттү.
Курултай Бишкекте 25-26-ноябрь күндөрү өттү.

Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн Элдик Курултайдын резолюциясы президенттин сайтында жарыяланды.

Ал элден түшкөн сунуштар менен толукталган.

"Эки күн аралыгында 143 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөдү. Жалпысынан 2000ге жакын жазуу түрүндө суроолор, сунуштар келип түштү жана алар катчылык аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырылды”, - деп айтылат.

Резолюцияда мамлекеттик органдарга бир катар сунуштар берилген. Жогорку Кеңешке жолдонгон сунушта Бишкек шаарындагы район аталыштарын алмаштыруу колдоо тапкан. Министрлер кабинетине берилген сунуштардын ичинде мамлекеттик кызматтардагы аялдардын квотасын көбөйтүү айтылган.

Башкы прокуратура жана Жогорку сотко сөз эркиндиги жана камалгандар боюнча сунуш айтылган.

«Сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, ошол эле учурда сөз маданиятын сактоо да ыйык парзыбыз экендигин эстен чыгарбай, эркин ой айтуунун аягы саясий куугунтукка айлануусуна жол бербөө. Чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушталсын”, - деп айтылат резолюцияда.

Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышты жана анын 924үн эркектер, 148ин аялдар түздү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG