Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Трампка таандык компания мыйзамсыз салык схемасы үчүн айыптуу деп табылды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка таандык Trump Organization компаниясы 15 жылдан бери салык органдарын алдап жүргөн кылмыш схемасы үчүн айыптуу деп табылды. 6-декабрда чыккан бул сот чечими Трамп келерки президенттик шайлоого да катышарын айткандан кийинки юридикалык проблемаларын ого бетер курчутту.

Мейманкана, гольф талаалары сыяктуу ири кыймылсыз мүлктү башкаруучу Trump Organization компаниясы 1,6 миллион доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Трамптын жеке өзүнө эч кандай айып тагылган жок.

Соттун чечими расмий түрдө 13-январда жарыяланат.

Серепчилер айыппул компания үчүн анча олуттуу сумма эмес экенин, бирок келечекте бизнес жүргүзүүдө оорчулук жаратышы ыктымал болорун белгилеп жатышат.

Миллиардер ишкер Дональд Трамп АКШны 2017-жылдын 20-январынан тартып 2021-жылдын 20-январына чейин башкарган. Кошмо Штаттарда кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG