Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Башкы прокуратура боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды


Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын депутаттарга мамилесин териштирүү үчүн комиссия түзүү сунушталды. Парламенттин 7-декабрдагы отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратуранын ишин сынга алган күнү аны жана депутат Шайлообек Атазовду эки тергөөчү суракка алып кеткенин айтып, мында Баш мыйзам бузулуп, депутаттарга кысым болуп жатканын кошумчалады.

Ал депутаттык комиссия окуяны иликтеп, укуктук баа бериши керек деп эсептейт:

«Жогорку Кеңеш режимдик, стратегиялык объект. Прокуратура кызматкерлери ар бир депутатка тоскоолдуксуз иш кабинетине кирип, мажбурлап, суракка алып, алып кетип жатат. Бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же мыйзамды түшүнбөгөндүкпү? Башкы прокуратура аша чаап, өзүнүн иш-аракеттери менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин регламенти, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамдарды одоно бузду”.

Депутаттын айыптоосуна байланыштуу “Азаттык” маалымат алуу үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кайрылды. Азырынча ал жактан комментарий боло элек.

30-ноябрда депутаттар Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада суракта болушканы тууралуу маалыматты аталган мекеме тастыктап, алар парламенттин жыйынында айткандарын текшерүү үчүн суракка чакырылышканын билдирген.

Ошол күнү парламенттин жалпы жыйынында депутат Атазов “каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду "прокуратура жана милиция органдары калкалап" жатышканын, акчасын, жерин алдамчыларга алдырып койгондор арызданса, “прокуратура токтотуп коюп жатканын” айткан.

Депутат Токторбаев прокуратурада коррупция “абдан күчөгөнүн”, “элдин арасында жакшы сөз жок” экенин билдирген. Кийин ал милицияга да суракка чакырылып жатканын билдирген.

Экөө тең “Фейсбукка” прокуратураны сындаган пост жазып, кийин кайра өчүрүп коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG