Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Депутат "Сахароводо" мигранттарды дарыланууга мажбурлап жатышканын айтты


Сахароводогу Миграциялык борбор.
Сахароводогу Миграциялык борбор.

Орусияда миграциялык мыйзамдарга ылайык медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнөн жыныстык жол менен жугуучу оорулар аныкталып, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатышканын бүгүн 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтты.

Ал "Сахарово" борборунда ачылган медициналык жай текшерүүдөн өткөн ар бир мигранттан 5700 рубль алып, ал эми венерологиялык дарт аныкталгандарды дарыланууга жөнөтүп жаткан клиника кымбат болуп жатканын билдирди жана кыргыз жарандарынын укугу бузулганы аныкталса бийликтен чукул арада чара көрүүнү өтүндү:

“Ошолорду Ленин проспектиндеги бир гана клиникага жөнөтүп жатыптыр. “Биз иштейбиз, жаныбызда клиника бар, өзүбүз деле дарыланалы, дарыларын жазып бергиле” десе “Жок, ушул гана жерге келесиңер” деп жатыптыр. 18 миң рубль менен дарыланат экен. Бул жерде бир аз коррупция дейбизди, өзүлөрүнүн “бизнеси” дейбизби, биздин жарандардын эсебинен ушундай иш кылып жаткандай туюлууда. Биздин Тышкы иштер министрлиги жана элчилик текшерсин. Эмне үчүн биздин жарандарга мындай мамиле болуп жатат?”.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG