Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Түркмөнстанда мугалимдер тилемчилик кылган балдарга акча төлөйт


Түркмөн акчасы - манат.
Түркмөн акчасы - манат.

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы мугалимдер тилемчилик кылган балдарды тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылуу үчүн ай сайын маянасынын бир бөлүгүн берип турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан чогулушта айтылганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Райондук билим берүү бөлүмүндө иштегендердин биринин маалыматына караганда, мугалимдер төлөй турган сумма ай сайын 200 манат же 57 доллар болот.

Анын айтымында, мындай чара Түркмөнбашы шаарындагы адамдар көп жүргөн жерлерде тилемчилик кылган балдардын көбөйгөнүнөн улам кабыл алынды.

Маалыматка караганда, балдар үчүн акча берип турууга каршы болгон мугалимдерди текшерүүлөр жана жумуштан кетиребиз деп коркутуп жатышат. Аткаминерлердин бири ар бир мектеп бештен онго чейин баланы тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылууну өз моюнуна алышы керектигин айткан.

Буга чейин Түркмөнбашы шаарындагы мугалимдер көчөт сатып алуу, класстарды ремонттоо, жибек куртун багуу, пахта отоо жана терүү иштери сыяктуу алардын ишине эч тиешеси жок нерселерге акча чогултууга мажбурланганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG