Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Улуттук борбор: акыркы беш жылда кыйноо фактылары азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде ички иштер органдарында кыйноого алуу фактылары бир жарым эсеге азайган.

Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 10 жылдыгына арналган билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, 2018-жылы тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда ар бир үчүнчү киши кыйноого кабылганын билдирсе, акыркы мезгилде ар бир бешинчи киши кайрылган.

10 жылдын ичинде борбор 1700дөн ашык арызды карап, 12 миңдей киши менен жолугуп, Жогорку Кеңешке тогуз жолу кыйноолор боюнча атайын баяндама даярдаган.

Расмий Бишкек 2008-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуп, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган жана мындай борбор 2013-жылы түзүлгөн. Бюджеттен каржыланган мекеменин ишине эл аралык уюмдар жардам берет жана борбордо жалпысынан 25 адам иштейт. Бул борбордун кызматкерлери бардык жабык жайларга эч тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ. (TSh)

Дагы караңыз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG