Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү Карасартова менен жолугуп чыкты


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган укук коргоочу Рита Карасартова менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков “Азаттыкка” маалымдады.

“Кызматкерлер жолугуп чыгышты. Өзүнөн арыз түшкөн жок. Ден соолугу боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан кароо жүргүзүлгөн экен. Саламаттыгы канааттандыраарлык дешти”, - деди Рысбеков.

Буга чейин укук коргоочунун саламаттыгы начарлап кеткенин кызы Касиет Мамырбай айтып чыккан. Карасартова абактан кат жазып, эч кандай тергөө иштери жүрбөй жатканын билдирген.

“Тогуз айым, 30 кв.метр, 24/7 күткөнүбүз тергөө менен сот отуруму. Бүгүн мен кармалганыма бир ай болду, бир дагы тергөө аракети жасала элек. Бул кадыресе көрүнүш экен, эки айдан бери бир да жолу тергөөгө чыга элекпиз дегендер дагы бар”, - деп жазды укук коргоочу.

Жаза аткаруу кызматы укук коргоочунун абалы тууралуу маалымат бере элек.

23-24-октябрда Кыргызстанда кармалган 30га жакын саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлердин катарында Рита Карасартова дагы бар. "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өзүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптап, күнөөсү боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG