Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Министрлик "Коопсуз шаар-2" долбоору боюнча соттошуп жатат


Мониторинг борбору.
Мониторинг борбору.

"Коопсуз шаар-2" долбоору пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип министрлиги тендерди утуп алган Shenzhen Sunwin кытайлык компаниясы менен соттошуп жатат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“2022-жылы 10-мартта ишке кирмек. Ошол себептен министрлик сотко берип, сот жүрүп жатат”, - деди.

Компания бул боюнча комментарий бере элек.

"Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык "Вега" концерни ишке ашырган.

Ал эми "Коопсуз шаар-2" долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компаниясы жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG