Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

МБанк Temirov Live каналынын эсебин тейлөөдөн баш тартканы кабарланды   


Болот Темиров
Болот Темиров

Журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган Temirov Live Ютуб каналы “Кыргызстан” банкы анын МБанк төлөө системасындагы эсебин жокко чыгарганын Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Temirov Live каналы кабарлагандай, аларды материалдык колдоо үчүн МБАНК төлөө системасында банк эсеби ачылганын жарыялагандан кийин ушундай кырдаал түзүлгөн. Учурда каналдын юристтери анын себебин банк менен териштирип жатат.

Азырынча “Кыргызстан” банкы бул тууралуу комментарий бере элек. Kaktus.media басылмасына банк Temirov Live каналы эсебиндеги акчасын чыгарып алса боло тургананын айтып, бирок тейлөөдөн эмнеге баш тартканын түшүндүргөн эмес.

Temirov Live – соттун чечими менен өлкөдөн күчтөп чыгарылган, коррупцияны иликтеген журналист Болот Темировдун Ютуб каналы. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG