Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Түркияда кыргызстандык акын-жазуучулар эскерилди


Кыргыз акын-жазуучуларга арналган иш-чара. Анкара. 7-декабрь.
Кыргыз акын-жазуучуларга арналган иш-чара. Анкара. 7-декабрь.

7-декабрда Анкарада XX кылымдагы кыргыз адабиятынын классиктери Касым Тыныстанов, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Токтоболот Абдумомуновдун чыгармачылыгына арналган кече өттү. Иш-чараны ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштуруп, ага Кыргызстандан жана Түркиядан илимпоздор жана маданият кызматкерлери катышты.

Кечеге келгендер залкар акын-жазуучулардын чыгармачылыгы менен таанышышты. Иш-чара сүрөт көргөзмөсү жана концерт менен коштолду.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады.

Мындай чечим түрк дүйнөсүнүн маданий борбору саналган Бурса шаарында уюмдун 39-жыйынында кабыл алынган.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРКПА уюмунун өкүлдөрү катышты. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG