Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Эстония менен Литва да "Дождь" телеканалын трансляция кылууну токтотту


"Дождь" телеканалынын кеңсеси. Архивдик сүрөт.
"Дождь" телеканалынын кеңсеси. Архивдик сүрөт.

Эстония менен Литва да коңшу Латвиянын артынан "Дождь" телеканалын трансляция кылууну токтотту. Бул тууралуу Postimees басылмасы кабарлады.

Латвиянын Электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча улуттук кеңеши апта башында “Дождь” телеканалынын лицензиясын жокко чыгарган. Мындай чечим улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучка байланыштуу кабыл алынганын кеңештин төрагасы Иварс Аболиньш билдирди. Ал Латвияда мыйзамдар сыйланышы керектигин белгилеген.

Өткөн жумада аннексияланган Крым Орусиянын бир бөлүгү катары сүрөттөлгөн картаны көрсөткөнү жана орус армиясына карата “биздики” деген сөздү колдонгону үчүн аталган кеңеш “Дождь” каналына 10 миң евро айып салган.

Анда Аболиньш бул телеканал эки жолу мыйзам бузганын айтып, үчүнчүсүндө лицензиясынан ажыратылышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

1-декабрда алып баруучу Алексей Коростелёвдин түз эфирдеги сөзүнөн кийин Латвиянын мамлекеттик коопсуздук кызматы "телеканал орус армиясына жардам көрсөтүп жатат" деген шек менен иликтөө баштаган.

Коростелёв эфир маалында көрөрмандардан Украинадагы согушка мобилизация кылуу учурундагы мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлоону суранып, фронттогу аскерлерге жардам берүү өңүтүндө сүйлөгөн.

Эртеси күнү телеканал бул үчүн кечирип сурап, алып баруучунун сөздөрү эфирден алып салынганын, Коростелёв менен кызматташуу токтотулганын билдирген. Журналист өзү түз эфирде жаңылганын "каналга көйгөй жаратпоо үчун иштен кетүүгө даяр" экенин айткан. Аны колдогон үч кесиптеши ар ким ката кетириши мүмкүндүгүн белгилеп, иштен кетишти.

Алып баруучу Анна Монгайттын айтымында, "Дождь" кабелдик түйүндөрдүн бир бөлүгүндө өчөт, бирок Ютубда чыгып жатат.

Телеканал 2008-жылы Москвада түптөлгөн. 2014-жылы Ленинград блокадасына байланышкан сурамжылоодон кийин көпчүлүк спутник жана кабелдик операторлор каналды тизмеден алып салышкан. 2021-жылы "Дождь" телеканалы "чет элдик агенттердин" тизмесине кошулган.

2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй, орус бийликтери каналды бөгөттөгөн. Июнь айында телеканал Латвияда лицензия алган. Согуштан кийин Орусиядан эки жүздөн ашуун журналист Латвияга көчкөн. Буга өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы тынчсыздануу билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG