Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Хорватия келерки жылдан Шенген аймагына кирет


Хорватиянын Вуковар шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Хорватиянын Вуковар шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Хорватияны Шенген зонасына кабыл алуу тууралуу чечимди жактырды. Эми Хорватиянын аймактык бирикменин башка мүчөлөрү менен чек ара жана бажы көзөмөлү жоюлат дегенди түшүндүрөт.

Хорватиянын Шенген аймагына кирүү чечими тууралуу кабарды аталган өлкөнүн Европа Биримдигиндеги өкүлдөрү Твиттерде жарыялады. Еврокомиссиянын мүчөсү Ильва Йоханссон маалыматты ырастады.

Талапкерлиги каралып жаткан Румыния менен Болгарияга Шенгенге кирген Австрия жана Нидерланддын каршылыгы себеп болду. Мурдараак Европарламент жана Еврокомиссия үч өлкөнү тең Шенген зонасына киргизүүнү жактаган болчу.

Европа Биримдиги экономикалык жана саясий уюм болуп саналат. Бирикмеде учурда 27 мамлекет бар, анын ичинде Хорватия, Румыния жана Болгария да мүчө.

Аталган уюмдун ичинде мындан сырткары Шенген зонасы жана евро валютасы иштеген өзүнчө зона бар. Евробиримдиктин мүчөлөрү - Ирландия, Кипр, Болгария, Хорватия, Румыния Шенген зонасына кирбейт.

Ошол эле маалда Шенген аймагына Евробиримдикке кирбеген төрт өлкө – Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн да кошулат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG