Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

АКШ менен Орусия камактагы жарандарын айырбаштады


Америкалык баскетболчу Бриттни Грайнер Орусиядагы сот жараянында. Архив сүрөт.
Америкалык баскетболчу Бриттни Грайнер Орусиядагы сот жараянында. Архив сүрөт.

АКШ менен Орусия камактагы жарандарын айырбаштады. Кошмо Штаттардын баскетбол боюнча курама командасынын оюнчусу, Орусияда камакта жаткан Бриттни Грайнер менен АКШда соттолгон бизнесмен Виктор Бутка алмаштырылды.

Бул процесс тууралуу алгач америкалык CNN телеканалы жарыялады. Аны Америка тарап да, Орусия тарап да ырастады.

АКШнын президенти Жо Байден Грайнер менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал мекенине кайтып бараткан учакта экенин билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги алмашуу Абу-Дабинин аэропортунда ишке ашканын кабарлады. “Орусиянын жараны мекенине кайтарылды”,- деп айтылат мекеменин Телеграм каналында. Виктор Буттун өзү комментарий бере элек.

Мурдараак Орусия да соттолгон америкалык Тревор Рид менен АКШда соттолгон учкуч Константин Ярошенко алмашылган. Бул процесс Орусия Украинага кол салып, Москва менен Вашингтондун ымаласы начарлап жаткан мезгилге туш келди.

Виктор Бут 2012-жылы "колумбиялык козголоңчуларга курал сатуу ишин даярдаган" деген айып менен АКШда 25 жылга кесилген эле. Ал Олимпиада чемпиону, баскетболчу Бриттни Грайнерге жана мурдагы деңиз аскери Пол Уиланга алмаштырылышы ыктымал деп айтылып келген. Грайнер жыл башында чек арадан маңзаттарын ташып өтүүгө аракеттенген деп Подмосковьеде кармалган, Уилан 2020-жылы орус башкалаасында тыңчылык үчүн соттолгон.

АКШдан тышкары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын жараны болгон Пол Уилан 2018-жылы Орусияда кармалып, ага "АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып коюлган. Уилан Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана барганын айткан. Ал качан жана кимге алмаштырылары азырынча белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG