Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

ЖК: түндүк-түштүк кошумча жолунун коопсуздугу жөнүндө маселе көтөрүлдү


Түндүк-түштүк автожолу. Архивдик сүрөт.
Түндүк-түштүк автожолу. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун коопсуздугуна байланыштуу өкмөткө кайрылды. Ал жолдун чети тосулбаганын, таш кулап, аскалар көчүп жатканын, мындан улам аны тазалоого, жака-белин тосууга бюджеттен акча бөлүнүшү керектигин айтты.

"Жолдун Жумгалдагы бөлүгүндө аскалар кулап, жүргүнчүлөрдүн жолу жабылып, алтургай өмүрлөрүнө коркунуч жаралып жатат. Жолдун четин тосуу долбоорго кирбей калыптыр. Эми бул азыр жергиликтүү бийликке жүктөлүп жатыптыр. Алар кичинекей жерди эки айда тазалап бүтүштү. Муну кийинки жылдын бюджетине киргизип, жолдун жака-белин тоспосо, абал өтө оор болуп калат. Негизи бул боюнча аябай туура эмес чечимдер чыккан",-деди Самыйкожо.

Өткөн айда парламентте депутат Мейкинбек Абдалиев түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Ал парламенттин буга чейинки чакырылышында дагы мындай демилге көтөрүлгөнүн, бирок ишке ашпай калганын айткан.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя алынган. Анын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кара жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Ушул жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылган.

Быйыл жазында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана Жогорку Кеңеште жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG