Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Өкмөт башчы Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп бүтөрүн айтты


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткенде 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткенде 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.

Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Баткенде чек арадагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу маселесин көтөрдү. Учурда там-таш салып жаткан компаниялар каражаттын теңин дагы ала электигин билдирди.

"Баткендеги үйлөр декабрь ичи курулуп бүтүп, тапшырылат деген сөз болгон. Азыр көпчүлүк үйлөрдүн чатыры дагы жабыла элек. Баткендеги үйлөргө акча бөлүнгөн беле? Ал үйлөрдү ким куруп жатат, Мамлекеттик курулуш агенттиги куруп жатабы? Курулушчулар акчанын 50% да ала элек экен да. Алар 35-40% каражатын алыптыр. Учурда контейнерлерде жашап жаткандар, контейнер жетпегендери да бар", - деди депутат.

Акылбек Жапаров анын суроолоруна жооп берип жатып, Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп, пайдаланууга берилерин, акча жетиштүү бөлүнүп жатканын айтты.

"Мамлекеттик курулуш агенттиги көзөмөл жүргүзөт. "Аманат" деген компания куруп, ал 31 компанияны жалдаган. Ушул жылдын 20-21-декабрына чейин 150 үй бүткөрүлүп, эл кирет деп жатат. Калгандары улам бүткөн сайын тургундар кирип жашай берет. Курулушка 1 миллиард сом бөлүнгөн, дагы каражат керек болсо дагы бөлөбүз".

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандар арасында балдар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG