Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

ИИМ: "Казак" деген каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош шаарында кримчөйрөдө "казак" деген каймана ат менен таанымал, мурда бир канча жолу соттолгон кылмыштуу топтун 41 жаштагы мүчөсү колго түшкөнүн билдирди. Ошондой эле анын 37 жаштагы бир шериги да кармалган.

Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга эки жаран кайрылып, аларды 11-ноябрга караган түнү бир нече адам бычак менен коркутуп, сабаганын айткан. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Кармалган жарандар Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Быйыл жайында Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу маселе көтөргөн. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, абак жайларын толук көзөмөлдөөгө өткөнү сөз болгон.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

Былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин айтып, аларга каршы катуу күрөш жүргүзүлөрүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG